Напс адамдын  аң  сезиминдеги   шайтан.

24 ноября 2021   Напс адамдын  аң  сезиминдеги   шайтан.

  Напс адамдын  аң  сезиминдеги   шайтан.

  Напс-адамды,элди чөгөлөтүүчү да, убактысынча көкөлөтүүчү да, көрүнүп-көрүнбөгөн, сезилип-сезилбеген эбегейсиз зор күч. 

  Напсинин табияты бирөө, түрү көп. Анын башаты адам, жан жаныбарлар жаралганда эле ашказандын кызыкчылыгынан 

башталган. Жашоо мейкиндигин кеңейтүүгө зарылчылык туулганда НАПС ойгонуп, баскынчылык, талоончулукка, күң, кул иштетүү өнөкөткө айланып, он миңдеген жылдарда  дүйнөнү бөлүштүрүү кыргын согуштар менен коштолуп Негроид, Европеид, Монголоид 

болуп РАСАга бөлүнгөн элдер аралашып, аргындашып дүйнөнүн картасы азыркы түрдүү  түскө боелуп жүздөгөн Мамлекеттер пайда болду.

  НАПС атаандашууну да күчөтүп, ядролук куралы менен дүйнө элине өкүмүн таңуулай баштаган сверхдержавалар, колониялдык  доордо эбегейсиз байып алган Мамлекеттер 7(жетилик), 20(жыйырмалык) болуп өзгөчөлөнүп бөлүнүшүп,  дүйнө элинин тагдырын ашыктай өкчөп  турган доордо жашап жатабыз.

  Адамдын табиятында "өзгөчө көрүнүү" инстинкти бекем орногон, ал да НАПСтин бир багыты. Илимди өнүктүрүүдө да атаандашууну күчөткөн НАПС бар

  Дүйнөнү өзгөртүү үчүн илимди өнүктүрүү менен гана жетишүүгө Капиталисттик жана Социалисттик системанын тирешүүсү аябагандай күчтүү Прецедент жараткан. НАПСтин таасири сезилип турат.

  НАПС бийлик жүргүзүүдө да бүлүндүрүүчү күчкө ээ болгон үчүн, аны басаңдатыш үчүн көп өлкөлөр акырындап Парламенттик башкарууну тандап алышкан. 

  Кыргыз Мамлекети да 2010-жылдан Текебаевдин демилгеси (патронаждыгы) менен ошол башкаруу жолуна түштү эле. Президент Атамбаевди НАПС шайтандатып, Парламенттик башкарууну башатында эле бууп, Текебаевден лидерликти кызганып, Кыргыз элинин Менталитетине төп келген системанын ашмалтайын чыгарып, элге жаман көрсөтүшүп, Парламентти дудук  

кылып мыкчып берди. Негизинен Жемкорлордон турган Парламент кысар жерин кысып багынып берди.Бардык күнөөнү Текебаевке оодарууга Прецедент түзүп беришип элге кыянаттык кылышты. Билими төмөндөп, капчыктууга жалдырап турган эл алданганын билбей да калды. 

  Президент баш, Парламент төш болуп Кыргызстан Коррупциянын уюгуна айланды. Өлкө эбегейсиз карызга батты, кризис башталды.

  Өлкөдө 80ден ашык этностордун өкүлдөрү жашагандыктан, алардын укугун эске алып, Парламентке шайлануусуна квота киргизилген. 

Атамбаевдин убагында ал эреже да сакталбай калды.

  Кандай гана ыкмалар менен зыяндуу жактарын чектөөгө аракет болбосун, НАПСтин  суук ыраңы көрүнүп, шойкомдуу таасири сезилип турат. 

  Парламентке мүчө болуу өзгөчөлөнүүгө ыңгайлуу трибуна.

НАПСини агыткандар үчүн, өкүл болуш, жайлоого чыгып сергип келчүдөй эле коопсуз коңул жайдай болуп калган. Маарышкан. Эл буларды баккан. 

  Кыргыздын НАПСин бууса боло турган ыкманы кантип табабыз?

  Бул суроого жооп же жол табыш үчүн Корей элинин тагдырына,басып өткөн жолуна, тарткан азап-тозогуна саресеп салдым.

  Эки эл- Кыргыз, Корей- түпкүлүгүбүз  Монголоид. Эгемендик алганга чейин азапты көп көргөн элдер.

  Корейлер илгери Кытай-Япония согушунда ортодо запкы жеп, бир бөлүгү качып чыгышып, тозоктун азабын, Кытайдын түндүгү аркылуу жол азабын көрүшүп, Россия, Казакстан, Орто Азияга топ-топ болуп чачылып кетишкен экен.

  Көпчүлүктү түзгөн калган бөлүгү кийин- Капиталисттик жана Социалисттик- эки системанын кагылышынан, бир эл- эки социалдык система, бир эл- эки Мамлекет- КЭДР жана Корей(Түштүк Корея) Республикасы болуп түзүлгөн. 

  Бийликке болгон НАПСтин айынан бириге албай келишет. 

  КЭДР- Элдик демократия атын жамынган авторитардык режим орногон, дээрлик жабык өлкө. Ядролук куралга ээ болуп АКШга чейин сөөмөйүн кезеп, коңшулардын да сестентип турат.

  Түштүк Корея- демократия режимин орноткон, базар экономикасы менен гүлдөп өнүккөн, алдыңкы 20 Мамлекеттин катарында. Дүйнө боюнча Инвестиция салат.

  Экөөндө тең Коррупция муунтулган, НАПС өтө чектелген. 

  Сыры-эл да, экономика да Улуттук кызыкчылыкка бурулган.

  Өзүбүзгө салыштырууга дегеле мүмкүн эмес. Үлгү алса болобу? Болот. Бийлик, Парламент таза болгондо туннельдин этеги көрүнө баштайт. Жолду ошондо көрөбүз.

Бир эл , эки Мамлекет болгон Корей элинин Улуттук идеологиясы күчтүү экен. Бул идеология акыры аларды бириктирет.

  Бизде элдин бир бөлүгү жемкорлорго шерик болуп алышып аларды жакташат. НАПСтин кесепети. Карапайым эл тунжурап , айласы кетип турат. Жакында өтө турган шайлоого кайдыгер, таза өтүшү күмөн дегендер арбын, себеби бийликке ишенбөөчүлүк күчтүү.

  Корейлер менен Кыргыздардын эмнеден айырмасы бар десе, мен айтаар элем: Корейлер жарым аралда, тар жерде кысылып калып айласыз өнүгүүнүн жолун тапкан мээнеткеч эл. Кыргыздар миң жылдап көчмөн турмуш кечирип, жердин жакшысын, абанын тазасын тандап кең мейкиндикти байырлап жүрүп  жердин баасын  кадырлай  албай кайдигер болуп калышкан. Эми кысылып баштадык. Эми көзүбүз ачыла баштады. Бийликти тазалаганга кудуретибиз жетсе эле оңолобуз.

  НАПСти чектейли. 

  Бизге Эгемендик, В.Лениндин керемети менен келгенин өзүбүз кырылышып жеңип алгандай тайраңдадыкко. Шайлоодон шайлоого курук убада менен жашап, НАПСти агытып, Өлкөнү алсыратып, кара жанды араң багып, Кыргыздын эле Киргиздери элди куураттыго. 

 Эгемен Кыргызстандын азыркы абалына так диагноз коюлбаганы шектендирип турат. Курсактын чыры эмес, Коопсуздуктун сыры түйшөлтүп, элди ОЙГО салууда. Карызга баткан өлкөнүн эли жерди, кендерди тарттырып жибербегей элек деп санаа тартууда.

  Алдыдагы шайлоо таза өтөбү же компьютер чечип койобу? 

  Оңдойбуз десек шайлоону, НАПСке алданбай таза өткөрөлү. Оппозициябыз деген партиялар илгертен эле таза болгон, НАПСти агыткандар аларды азыр да жаманатты кылып жатышат. Шайлоого жапырт катышып таза партияларды тандап, билимдүү өкүлдөрүн шайлайлы.

  Ата Мекен партиясынын социалисттик деп аталышынын өзү эле элдик партия экендигин айгинелеп турат.

  Текебаевдин ".. элита сынды, эми эл сынбасын, эл сынса турушубуз кыйын болот" дегени кооптондуруучу коңгуроо!!!

       МАНАСКА  АЛМАМБЕТТИН  КОШУЛУШУ .

   Мен жогоруда жазган баяндамамды(статьяны) үй бүлөмө тиешелүү бир окуяга туш болгонумдан жаздым. Азыр ойлосом ошондогу күтүлбөгөн жолугушуудан кийин жашообузда көп өзгөрүүлөр болду.

  Кыргызстанда 2005-жылкы болгон Революциядан кийин, күзүндө аялым  экөөбүз кыздарым Аида менен кенжебиз Жылдыздан кабар алганы Бишкекке бардык. Жылдыз экинчи диплом алыш үчүн КУУда, юридика факультетинде окуп жаткан. 

  Бир күнү кызым Аида үчөөбүз  элек, бейтааныш кыргыз жигиттер, бешөө болсо керек эле, келишип аты-жөнүмдү сурап такташкандан кийин, бир маселе менен келдик деп калышты. Үйгө киргизип  баарлаштык. Сөздүн кыскасы, булар Бажы кызматында иштешкен балдар экен. Бакыт деп сөзүн тааныштырып сөз баштаган булардын улуусу окшойт. 

  Кептин төркүнү, түз айталбай, аркы-беркини кыйыр сүйлөп, акыры кызым Жылдыздын колун суроого келишкени билинди. Күтүлбөгөн сунуштан оозума сөз да келбей, акырын кухняда отурушкан аялыма, кызым Аидага чыктым. Көрсө булардын келиши алдын-ала макулдашылгандан кийин жуучулардын келиши экен. Мага айта алышпай, эмне дээр экен деп чочуп турушуптур. 

  Мен кайра кирип, Бакытка бул мен күтпөгөн сунуш экен,  иликтеп, сиңирип, ойлонуп көрөйүн. Кызымдын өз оозунан угуп таразалап көрүшүм керек. Күйөө баланы көрбөй туруп бир нерсе деш да болбойт десем, Бакыт:- Мына күйөө бала, отурат- деп столдун этегинде отурган жигитти;- Коля, туруп койчу- деп калды. Ал мени бир карады да көзүн буруп кетти. Мен аны башынан эле байкагам, жылдыздуу жигит экен. Көрсө ал Корей улутунан экен. Аны айтканда жымжырт боло түштүк. Мен, тем более ойлонушум керек дедим.

  Бакыт ага мүнөздөмөнү бере баштады: Кыргыз эле болуп калган, Кантта туулган, Суворов аскердик окуу жайды Казань шаарынан бүткөн, Бажы тармагы боюнча да окуп диплом алган, мыкты юрист, Сизге мыкты күйөө бала болот, биз гарантия беребиз деди. Дагы кошумчалап, Кыргызча салтты сактайбыз, мусулманча жашашат, кийин он Кыргызга да алмашпайсыз деп катуу мактаганда күлүп да жибере жаздап, болду дедим.   

  Атам Ислам динин кынтыксыз туткан, илим алган молдо болчу, тирүү болсо эмне дээр эле деп ойлонуп турдум.

  Мен аларга бала-чакам менен кеңешип көрөм, жообун келерки ишемби айтам деп жөнөттүм.

Көрсө, болочок күйөө бала Бажы кызматында иштеп жүрүп, КУУнин юридика факультетинде экзамен алуучу Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү экен. Жылдызды ошондо көрүп, көз салып жүрүптүр. 

  Биз кеңешип, Кыргызча салт менен нике кыйдырып үйлөндүрөбүз дешкенинен, жаш, билимдүүлүгүн эске алып, макулдугубузду бермей болдук.   

  Кийинки ишемби келишип, кан чыгарып, молдо чакыртып коюшкан экен, нике да кыйкырып, Кыргызча салт, жөрөлгөсү менен батабызды бердик. Кийинки жума Куда,Кудагый менен таанышып мейман болдук.

  Бакыттын айткандары ашыгы менен чын чыкты. Үй сатып алышты, короосуна жасалгаланган боз үй тигип коюшту. Эки уул, бир кыздуу болушту. Уулдарын сүннөткө отургузушуп бир жашка толушкан сайын той берип турушту. 

  Коля (Центральная) Борбордук Бажыканага, Түндүк боюнча Бажы кызматын башкарганда Кыргыздар: Ким Ин Сен !! Кимсин Сен деп тамашалашып пост жазышты. Отуз жаштан өткөндө Полковник болду. 

  Отставкага кетип бош калганда, Чоң саясатка аралашсам кандай болот деп менден кеңеш сураганда, Ата Мекен партиясы менен бол, Чоң тажырыйба топтойсун, эч качан жаманатты болбойсуң, келечектүү, таза партия десем макул болду. Партиянын лидери Текебаев менен сүйлөшүп сунуш кылсам келсин деди.

  Азыр экинчи жолу Ата Мекен менен Парламенттик шайлоого катышууда. Номери: Ата Мекен партиясы, номер 15. 

  Коля билимдүү, Жогорку  Кеңеште иштөөгө  татыктуу, тажырыйбасы жетиштүү, кругозору өтө чоң. Ар кандай татаал маселелердин маңызын тез байкап, чечүү жолдорун да так билет. Ашыкча көп сүйлөбөйт. Аналитикалык акылга ээ. Мурун күчтүү адис катары өкмөттөр аралык келишимдерди даярдоо үчүн түзүлгөн ыкчам топтун мүчөсү болуп бир жума мурун учуп кетишчү. Бажы кызматынын өкүлү катары Жогорку Кеңештеги талкууларга катышып жүргөн.

  Ким деген фамилия Корей элинде эң бийик иерархияда турат. (Королевская династия).   

  Булар Кыргызстанда жашаганына 4-муун болуптур. Кыргыз элине сиңип, кыргыздашып кеткен. Ошон үчүн булар (Корейская диаспора) көчө-көчө, же айыл болуп жашашпай, жалгыздап сиңишип жашайлы дешет экен. Ошон үчүн Колянын досторунун 95%и жалаң кыргыздар.  

  Азыркы Парламентте отурган ортозаар депутаттардын деңгээлинен ат чабым алдыда. Мактоо эмес, тактоо. Тандоого кепил болом.

  Ким Ин Сендин Ата Мекен Партиясына кирүүсү Алмамбеттин (ал кээ бир булактарда кытай болгон дешет) 

Манаска келип кошулганындай эле болду. Ылайым эле Ата Мекен үчүн Ата Мекен партиясы жеңишке жетсин..

 

 Партиянын ардагери:

Асылбек Тагаев

 10. 11. 2021ж.