Журналист Павлюктун өлүмү үчүн соттолгон Исманкулов амнистия берүүнү өтүндү

24 ноября 2021 Журналист Павлюктун өлүмү үчүн соттолгон Исманкулов амнистия берүүнү өтүндү

Маалым болгондой, Исманкуловдун жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылы аяктайт. Учурда ал Молдовановка айылындагы №27 колонияда.

Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө айыпталып, соттолгон УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов мунапыс берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

"Азыркы тапта ал жазасын Молдовановка айылындагы №27 колонияда өтөп жатат. Амнистия боюнча маселени Аламүдүн райондук соту карайт", — деп айтылат кабарда.

Маалым болгондой, Исманкуловдун жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылы аяктайт.

Белгилүү журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы өлтүрүлгөн. Анын колу-бутун байлап, Алматыдагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан ыргытып жиберишкен. Кийин ал өзүнө келе албай ооруканадан үзүлгөн. Окуя боюнча Казакстанда иш козголуп, үч адам соттолгон. Алардын бири Алдаяр Исманкулов 17 жылга эркинен ажыратылган.

sputnik