Булар ар бир аялда БОЛУШУ КЕРЕК

24 ноября 2021 Булар ар бир аялда БОЛУШУ КЕРЕК

Аял үчүн бул абдан маанилүү! Белгилүү сценарист Памела Редмонд Сатран ар бир аялда милдеттүү түрдө төмөндөгүлөр болушу керек дейт.

1. Ашыкча акча

Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле дайыма эле жакшы боло бербейт. Ишенимсиздик, жоопкерчиликтин жоктугу, акчанын жетишсиздиги, уруш-талаш болбой калышы мүмкүн эмес. Мындай кырдаалда аял сүйүүнүн баркын түшүнүү үчүн күйөөсүнөн убактылуу бөлөк турушу керек. Маанилүү чечим кабыл алуу үчүн адам бир нече күн же ай бою жалгыз болушу керек. Ал эми өзүнчө батирди ижара алуу үчүн аялдын кеминде эки-үч айга жете турган акчасы болушу керек. Ал тургай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган учурда да, күйөөсүнүнөн кетип калуу үчүн да, жаңы жашоо баштоо үчүн аялдын ашыкча акчасы болушу керек.

2. Кооз кара көйнөк

Кийим адамдын көркү экенин баары билет.

Адамды кийимине карап тосуп алганыбызды да моюнга алышыбыз керек. Ошентсе да, көпчүлүк аялдар гардеробу толуп турса да “эмне кийем?” деп тынчсызданышат. Ошон үчүн ар бир айымдын өзүнө жаккан, акылга сыярлык, каалаган чөйрөдө кийе турган кооз кара көйнөгү, бут кийими жана сумкасы болушу керек.

3. Чыныгы сүйүү

Ар нерсенин өз убагы болот. Психологдордун айтымында, чыныгы сезимдер жана жоопсуз сүйүү көбүнчө өспүрүм куракта жана студенттик доордо болот. Ошол учурда окуудан тышкары, бирөөнү чындап сүйүүгө убакыт таба билген туура. Анткени, адам алдында эмне күтүп турганын билбейт. Мүмкүн ал ала качуунун курмандыгы же “кара далы” болуп картайат чыгар.

4. Сырдаш

Мейли ал апаңыз, эжеңиз, сиңдиңиз же бир топ улуу кесиптешиңиз болсун... Ар бир аялдын эч нерсени жашырбай айта ала турган сырдашы болуш керек. Ага кубанычын да, кайгысын да айта ала тургандай болуш керек. Кайгырганда жардам бере турган, ыйлаганда жашын мотивациялык сөзү менен аарчыган достун да болгону жакшы. Бул аял үчүн абдан маанилүү.

5. Сүйүктүү иш

Күнүмдүк турмуштун ызы-чуусунан алыс болуу үчүн адам сүйүктүү иши менен алектениши керек. Ооба, сизди үй-бүлөдөн бир азга алаксытып, терс ойлордон алыс кылган хоббиге ээ болуу маанилүү. Бул аялды көптөгөн оорулардан коргойт.