Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID менен сасык тумоодон бир убакта эмделсе болорун айткан. Вакциналар дененин ар кайсы жерине, маселен, оң жана сол ийинге сайылышы керек.
Россияда бул жылдын эсебинен вакцина ала электер коронавирус инфекциясынан гана эмес, сасык тумоодон да коргонуу үчүн эмдөөдөн өтүүсү зарыл. Бул тууралуу Sputnik радиосуна инфекционист Николай Малышев айтты.
Дарыгер кыштын башталышы менен коронавирустан тышкары сасык тумоо да күч аларын белгилеген.
"Адатта респиратордук инфекция менен бейтаптар күздүн аягы жана кыштын башталышы менен көп кайрылат. Биздин байкообузда сасык тумоо өскөндө мектептерде каникул башталып, оору азая түшөт. Окуучулардын эс алуусу бүткөндөн кийин кайра грипп көбөйөт", — деген Малышев.
Дарыгер сасык тумоонун саны өскөнгө чейин даярдык көрүү керектигин белгилеген.
"Сасык тумоодон да коргонууга болот. Ал үчүн оору күч алганга чейин вакцина алуу керек", — деген дарыгер.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID менен сасык тумоодон бир убакта эмделсе болорун айткан. Вакциналар дененин ар кайсы жерине, маселен, оң жана сол ийинге сайылышы керек.