Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт

23 ноября 2021 Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт

Жабыркаган аялды башка унаанын айдоочусу Талас райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми эки эркек кишини Тез жардам кызматы Жайыл райондук ооруканасына алып кеткен.

Чүйдүн Жайыл районунда эки автоунаа кагышып, бир эркек киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жол кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 187-чакырымында 22-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында болгон. Анда Lexus RX350 жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн.

"Кырсыктан бир эркек киши каза болуп, бир аял жана эки эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Жаракат алган аялды башка унаанын айдоочусу Талас райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми эки эркекти Тез жардам кызмат Жайыл райондук ооруканасына алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин беш куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.

sputnik