Адис музыканы кулакчын менен күнүнө канча убакыт угууга болорун айтты

23 ноября 2021 Адис музыканы кулакчын менен күнүнө канча убакыт угууга болорун айтты

 

Медициналык эксперт Полина Козлова кулакчын менен күнүнө жарым сааттан ашык музыка угуу кулактын угуусунун начарлашына алып келерин айтты.

Анын айтымында, адамдын угуу аппараты 80-85 децибел үндү кабыл алат. Наушниктердин үнү 110 децибелге жетиши мүмкүн. Ал эми бул мотоцикл же рок-концерттин ызы-чуусуна барабар.

Адистер мындай үндөр угуу аппаратынан мээге импульс жөнөтүүчү клеткаларга зыян келтирерин айтышат.

Аппарат кулактын ичине өтө терең жайгаштырылса, кулак тарсылдагын жабыркатуу коркунучу бар. Дарыгердин айтымында, мындай учурда калакчынды көпкө колдонууга болбойт.