Өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыккан келин: "Мени ала качып кеткен"

23 ноября 2021 Өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыккан келин: "Мени ала качып кеткен"

Өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыккан Сымбат Курманкулова Жаркенттин келини.

Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган үй-бүлө Алматыда жашайт.

29 жаштагы Сымбат Курманкулова шаардагы санаторийлердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Ал келечектеги жолдошу Куаныш Абилбеков менен ушул жумушта таанышканын айтат. Анын айтымында, өзүнөн 8 жаш кичүү Куаныш официант болуп иштейт. Башында кесиптеш болуп жүрүшүп, быйыл баш кошушкан.

"Мени 2021-жылдын июль айында ала качып кетишкен. Анан атамдын алдынан өтүп, батасын алдык. Азыр Жаз санаториясында жашайбыз. Ал жерде мен башкы ашпозчу, жолдошум официант болуп иштейт. Мунун баары жумуштагы сүйүүдөн башталган. Жашың кичине, эл туура түшүнбөйт десем да болгон жок. Акыры үйлөндүк", - — дейт Сымбат Курманкулова.

Адегенде эки тараптын тең ата-энелери эки жаштын мындай кадамына каршы болушса, кийинчерээк баш элдешүүнү чечишкен. Сымбат ар кандай пикирлерге көңүл бурбай турганын айтат.

"Мен жолдошумдун башын айлантып алган жокмун.Тунук сүйүү менен баш коштук. Жагымсыз пикирлерге көңүл бурбаганга аракет кылабыз”, - дейт Сымбат.