Шевченко: ар бир адам максат коюш керек, 60 жашта деле турмушка чыкса болот

22 ноября 2021 Шевченко: ар бир адам максат коюш керек, 60 жашта деле турмушка чыкса болот

Кыргызстандык мушкер ар бир адам максат коюшу керектигин белгилеп, карьерасын токтоосуз уланта берерин кошумчалады.

UFC чемпиону Валентина Шевченко жеке жашоосу тууралуу берилген суроого жооп берди.

Кыргызстандык мушкер учурда Бишкек шаарында маалымат жыйын өткөрүүдө.

Журналист андан "буга чейин 40 жашта деле турмушка чыкса болорун айткансыз, дагы деле ошондой позицияны карманасызбы, үй-бүлө куруп, балалуу болууну качанкыга пландадыңыз?" деп сураган.

"Жеке жашоо бул ар бир адамдан көз каранды. Максат коюш керек. Эгер кыздар 21 жашында турмушка чыгууну максат койсо ал өзүнүн чечими. Ал эми 40 жаш эле эмес, 60 жашта деле турмушка чыкса болот деп айтат элем", — деди Шевченко.

Ошондой эле ал карьерасын мындан ары да токтоосуз уланта берерин кошумчалады.

sputnik