Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлөт. Максаты

22 ноября 2021 Кыргызстанда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлөт. Максаты

Базарбаев 2022-жылдын январь айынын аягына чейин социалдык камсыздоо боюнча карта даяр болушу керектигин белгилеген. Анда аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жөлөк пул алган аз камсыз үй-бүлөлөрдөн башка дагы жардамга муктаждардын тизмесин түзүү тапшырмасын берди.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Базарбаев колунда жок бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү. Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши ордо калаада 1,5 тонна көмүрдүн ордуна 5 000 сомдон берүү чечимин кабыл алган. Аны менен катар пенсионерлер менен майыптыгы барларга 500 сом, алардын жаңы конуштарда жашагандарына 700 сомдон кошумча акча берүү каралган.

Министрлик Бишкекте аталган жардам акчаны алуу үчүн 4 000 адамдан арыз түшкөнүн билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 3 700үнө 18,6 миллион сом төлөнүп берилген.

Бишкектен сырткары Чүй облусунун өкүлдөрү да көмүр менен камсыз кылуу боюнча отчёт беришкен. Анда Базарбаев айыл, райондордогу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырган.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жүргөн аз камсыз үй-бүлөлөрдү гана эмес, андан башкаларын да эске алыш керек. Анткени бул жөлөк пул 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага жана айлык кирешеси бир адамга 1 000 сомго жетпегендерге берилет. Ал эми бизде кирешеси андан көбүрөөк, бирок жөлөк пул албай, татаал шартта жашагандар бар. Аларга да жардам көрсөтүшүбүз керек", — деди министр.

Базарбаев 2022-жылдын январь айынын аягына чейин өлкө боюнча социалдык камсыздоо картасы даяр болушу керектигин белгилеген. Анда аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны көрсөтүлөт. Бул карта социалдык жардамды тең бөлүштүрүү максатында түзүлө турганы айтылды.

sputnik