Өзбекстан сооттолгон машина чыгара баштады. Сүрөт

22 ноября 2021 Өзбекстан сооттолгон машина чыгара баштады. Сүрөт

Автомобиль өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топтун бардык сыноолорунан ийгиликтүү өткөнү айтылууда.

Өзбекстан Qalqon ("Калкон") аталыштагы сооттолгон машиналарды чыгара баштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат булагы жазды.

Республиканын коргоо ишканаларынын биринде иштелип чыккан машина күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топтун бардык сыноолорунан ийгиликтүү өткөнү айтылууда.

Кошуна республиканын мамлекеттик комитети аталган техникалар "нөлдөн" баштап жасалганын билдирген. Мекеме бронмашиналар Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө жеткирилип жатканын кошумчалайт.

sputnik