Интернетте депутат аялдын интимдик видеосу кеңири тарап, кызуу талкууланууда

22 ноября 2021 Интернетте депутат аялдын интимдик видеосу кеңири тарап, кызуу талкууланууда

Интернетте өзбекстандык депутат аялдын интимдик видеосу тараганын UzNews.uz сайты кабарлайт.

Ташкент облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бостанлык районундагы «жолугушуу үйүнө» эки адам барган.

2-октябрда милиция кызматкерлери аталган жерди текшерүүгө алышкан. Ошол учурда батирде эки аял жана эки эркек болгон. Алардын экөө интимдик мамиледе болгон.

Тергөө учурунда алар спирт ичимдигин ичкенин, жыныстык катнашка баруу максатында ошол жерге келишкенин айтышкан.

Учурда видеону социалдык тармактарга жайылышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Интернетте тараган сүрөттөр менен видеолорго түрдүү пикирлер айтылууда. Кээ бирлери кадрга түшүп калгандарды күнөөлөшсө, башкалары аны актоого аракет кылышкан.