Кичине ДААРАТКА көп баруу эмненин БЕЛГИСИ?

22 ноября 2021 Кичине ДААРАТКА көп баруу эмненин БЕЛГИСИ?

Күнүнө 10 жолу кичине дааратка чыга турган болсоңуз, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

Дени сак адам күнүнө 4-8 жолу кичине даарат кылуусу керек. Эгер андан көбүрөөк барып, заараңыз чоң өлчөмдө болсо, анда заара чыгаруу жолдорун текшерүү керек. Заара кылууга тез-тез чыгуу инфекциялык оорунун таасиринен болушу мүмкүн.

Андан бөлөк: пиелонефрит (бөйрөк жана бөйрөк үстүндөгү бездердин сезгениши); бөйрөктөгү таш гранулдары; интерстициалдык цистит; кант диабети сыяктуу оорулар себеп болот.

Кээде сууну көп ичүүкенде, тузду көп колдонгондо, диуретикалык суюктуктарды колдонгондо жана кош бойлуу кезде заара көп бөлүнүп чыгат. Бул нормалдуу көрүнүш. Эгерде ичиңиздин төмөнкү жагы оорубаса жана эч кандай ыңгайсыздык жаратпаса, суюктукту азыраак ичкенге аракет кылыңыз. Ал эми ичтин ылдый жагы жана жамбаш жагыңыз ооруп, дене табыңыз көтөрүлсө, анда урологго же андрологго кайрылыңыз. Дарыгер толук текшерүүдөн өткөрүп, керектүү экспертизаны дайындайт. Дарылоонун жыйынтыгына жараша дарылансаңыз, бир жумага жетпеген убакытта айыгып кетесиз.

Төмөнкү оорулар тез-тез заара кылуунун негизги себептери болуп саналат: муундардын сезгениши, кант диабети, бөйрөк оорусу, кургак учук оорусу.