Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болот? Календарь

22 ноября 2021 Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болот? Календарь

Жаңы жылда кыргызстандыктарды 14 майрамдык күн күтүп турат. Анын ичинде Орозо жана Курман айт бар. Ошондой эле дем алыш күндөргө туура келе турган эки майрам бар.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти.

Анда иш жана дем алыш күндөр, ошондой эле майрамдар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 2022-жылдагы иш күнү алты күн иштегендер үчүн дагы, беш күн иштегендер үчүн дагы бекитилди.

© ФОТО / МИНИСТЕРСТВО ТРУДА, СОЦОБЕСПЕЧЕНИЯ И МИГРАЦИИ КР

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти

Майрам күндөр:

1-январь — Жаңы жыл;

7-январь — Рождество;

23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү;

8-март — Аялдардын эл аралык күнү;

21-март — Нооруз майрамы;

7-апрель — Элдик апрель революциясы;

1-май — Эмгекчилердин күнү;

5-май — Кыргызстандын Конституция күнү;

9-май — Жеңиш күнү;

31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү;

7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

sputnik