Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

19 ноября 2021 Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

Шевченко кыргызстандыктар менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген. Ал Бишкекке машыктыруучусу менен келет.

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу" (WEF) федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов билдирди.

Анын айтымында, спортчу 21-ноябрда саат 6:00дө Кыргызстанга келип конот.

"Аны биз чакырдык, президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал Бишкекке машыктыруучусу менен келет", — деди Токтогонов.

Шевченконун видео кайрылуусу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

ВИДЕО

"Кымбаттуу достор, жакында Бишкекте болом. Силер менен жолугушууну чыдамсчыздык менен күтөм. Көрүшкөнчө", — деген Шевченко.

sputnik