Жапаров баткендиктерге: кейибегиле, мен силердин депутат, министриңермин

19 ноября 2021 Жапаров баткендиктерге: кейибегиле, мен силердин депутат, министриңермин

Мамлекет башчы мындан ары депутаттар мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөө менен гана чектелерин эскертти.     

Силер, баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министр, депутат жана президентиңермин. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун жетекчиси Мамажан Бердишев менен курган маегинде билдирди. 

Силер, баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, депутатыңармын жана президентиңермин. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун жетекчиси Мамажан Бердишев менен курган маегинде билдирди. 

Мамлекет башчынын маеги президенттин сайтына жарыяланды.

Журналист президенттен эмнеге министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок экенин сурап, Жогорку Кеңеште да депутаттары аз экенин айткан. 

“Силер, баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министр, депутат жана президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз”, — деп жооп берген Жапаров.

Ошондой эле ал Баткенден министр болсо эле ошол аймакты гүлдөтүп жибереринен шек санай турганын айтты.

“30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберген жок? Тескерисинче, сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерди кайра кайтарабыз деп азабын тартып жатабыз”, — деди мамлекет башчы.

Мындан соң журналист “анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар?” деп сураган. 

Президент ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болорун белгилеп, азыр шайлоо процесси жүрүп жатканын эске салды.

“Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек”, — деди Жапаров.

Аны менен катар президент мурдагыдай кайсы айылдан күчтүү министр, күчтүү депутат чыкса үчтөн мектеп салдырып алмай болбой турганын белгиледи. Депутаттар мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөө менен гана чектелерин эскертти.

sputnik