"Түндүк электр" карызды туумсуз төлөө боюнча акция жарыялады

19 ноября 2021 "Түндүк электр" карызды туумсуз төлөө боюнча акция жарыялады

Акциянын шарты — абонент туум төлөбөйм десе, негизги карызынан 31-декабрга чейин кутулушу зарыл. Ошондой эле келерки жылдын январь айына болжолдуу төлөмдү алдын-ала төлөп койсо болот.

"Түндүк электр" ААКсы туум акчаларды кыскартуу боюнча акция баштады. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан кабарлады.

Акциянын алкагында карызы бар абоненттер 31-декабрга чейин акчасын төлөсө, туум акча толугу менен кыскартылат.

"Абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, бересеси барлардын кара тизмесинен чыгарылат. Демек, соттук териштирүүлөр сыяктуу ар кандай жагымсыз көрүнүштөрдөн кутулат", — деди компаниядан.

Акциянын шарты — абонент туум төлөбөйм десе, негизги карызынан 31-декабрга чейин кутулушу зарыл. Ошондой эле келерки жылдын январь айына болжолдуу төлөмдү алдын-ала төлөп койсо болот.

Кененирээк маалыматты 1209 Call-борборунан жана www.se.kg сайтынан ала аласыздар.

sputnik