Ордо калааны жылуулук менен "Бишкек жылуулук түйүнү" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары камсыз кылат. Экөө бири-биринин ишине жооп бербей турганы айтылды.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасы жылуулук боюнча суроо жаралса, шаардыктар кайда кайрылса болорун айтып, телефон номерлерин жарыялады.
Мекеме ордо калааны жылуулук менен "Бишкек жылуулук түйүнү" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары камсыз кыларын айтып, экөө бири-биринин ишине жооп бербей турганын эскертти.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын карайт. Эгер кайсы мекеме тейлей турганын билбей жатсаңыз, анда квитанциядан карап алсаңыздар болот", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын номерлери:
0312 21-28-44 — диспетчерлик кызмат саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт;
0312 21-29-06 — күнү-түнү иштеген диспетчерлик кызмат;
0701 777-110 — ишкананын What`sApp номери.