260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат

19 ноября 2021 260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат

Шайлоо мыйзамдарын аткарбагандарга көрүлчү чаранын эң катаалы добуш сатып алгандарга колдонулат. Алар 260 миң сомдук айыпка жыгылып, 2,5 жылга камалат. Ал эми башка адамдын ордуна добуш бергендер 60 миң, талапкерге жалаа жапкандар 35 миң сомдук айып тартат.

Ички иштер министрлиги аптанын башында берген маалыматка ылайык, парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталгандан бери шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факт катталды. Алардын басымдуу бөлүгү добуш сатып алуу, админресурс колдонуу беренелери болгон. Ал ортодо президент Садыр Жапаров добуш сатып алгандар да, саткандар да соттолуп кетерин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоо процесси маалында мыйзам бузгандарга кандай жаза каралганына байкоо салды.

Иштин түрүнө жараша үч кодекс менен жоопко тартуу каралган. Анын ичинде кара жумушка кесүү, айып пул салуу жана эркинен ажыратуу жазалары бар.

Жазык кодекси

191-берене. Жарандын өз шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандар менен добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузгандарды 280ден 360 саатка чейин кара жумушка тартуу каралган. Аны менен катар 2-2,5 жылга түзөтүү жумушуна кесилип же 180-220 миң сомдук айып салуу менен жазаланат.

Шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишип, алардын чечимдерине таасир этүү максатында кызмат абалын пайдаланып тоскоолдук кылуу. Атап айтканда, талапкерлердин тизмесин каттоодо, добуштарды эсептөөдө көрсөтмө берүү, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо. Бул учурда 280ден 360 саатка чейин кара жумушка, 2-2,5 жылга түзөтүү жумушуна кесилип, 180-220 миң сом айып салынат.

Мындай ишке барган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2,5-3 жылга чейин түзөтүү жумушуна тартылып, 220-260 миң сом айып пул төлөйт.

192-берене. Талапкер же анын жубайы, жакын туугандары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары добуш сатып алса, аларга 220-260 миң сом айып салынат же 2,5 жылга эркинен ажыратылат.

Жоруктар кодекси

87-берене. Башка адамдын ордуна добуш берген жаран 30дан 60 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

871-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен колдонгон мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик мекемелердин жана 30 пайыздан кем эмес үлүшү бар ишканалардын жетекчилери белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратылат жана 30-60 миң сом айып салынат.

Мамлекеттик ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын жетекчилери административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланса 30дан 60 миң сомго чейин айып тартат.

Эреже бузуу кодекси

42-берене. Шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, талапкердин жана анын ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу. Жеке жактар 5 500 сом, юридикалык жактар 17 000 сом айып пул төлөйт.

421-берене. Жеке жана юридикалык жактардын шайлоо жөнүндө маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттө шайлоо комиссиясына бербөө, ошого тете шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиясынын чечимдерин жана талаптарын аткарбоо. Жеке жактар – 5 500, юридикалык жактар 17 000 сомдук айыпка жыгылат.

422-берене. Шайлоочунун шайлоо дарегин өзгөрткөндүгү жөнүндө билип туруп анык эмес маалыматтарды шайлоо комиссиясына берген жеке тараптарга – 3 000, юридикалык жактарга 13 000 сом айып салынат.

423-берене. Талапкердин пайдасына добуш бергени үчүн жеке өзү же болбосо ортомчу аркылуу акчалай жана (же) материалдык баалуулуктарды алгандар. Жеке тараптар – 1 000, юридикалык жактар 5 000 сом айып пул төлөйт.

Эгерде шайлоочу акчалай жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

44-берене. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузса, жеке жактар – 7500, юридикалык тараптар 23 000 сомдук айып тартат.

Эгер ушундай эле жосун жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалса жеке жактарга – 10 000, юридикалык тараптарга 28 000 сомдук жаза каралган.

45-берене. Депутаттыкка талапкердин ар-намысын же кадыр-баркын жаманатты кылган маалыматтарды билип туруп тараткан жеке жактар – 12 500, юридикалык жактар 35 миң сом төлөйт.

46-берене. Шайлоо дайындалгандан тартып жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейинки аралыкта талапкердин, саясий партиянын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин жаманатты кылган маалыматтарды ЖМКларга тараткан жеке жактар үчүн – 17 500, юридикалык жактарга 55 000 сом айып каралган.

47-берене. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ээси ким экени жашырылган үгүттүк же чет өлкөдө даярдалган материалдарды тараткан жеке тараптар – 12 500, юридикалык жактар 35 000 сомдук айыпка тартылат.

48-берене. Имараттарда, курулмаларда же башка объектилерде илинген талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты жана башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу. Мындайда жеке жактарга – 7 500, юридикалык тараптарга 23 000 миң сом айып салынат.

Белгилей кетсек, имаратка же мекемеге уруксатсыз үгүт материалын илип койсо, ээси аны алып салганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда пропорционалдык система менен 21 партия, бир мандаттуу округдан 300дөй талапкер ат салышууда.

sputnik