Бишкектеги Тарых музейи эки күндөн кийин ачылат. Убакыт-сааты

18 ноября 2021 Бишкектеги Тарых музейи эки күндөн кийин ачылат. Убакыт-сааты

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

20-ноябрда Улуттук тарых музейи расмий ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ачылгандан кийин 10 күн бою музейге кирүү акысыз болот.

"30-ноябрга дейре саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат", — деди министр.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат экени ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

sputnik