Бишкекте таксист инспекторду капотуна сүйрөп кетти. Видео

18 ноября 2021 Бишкекте таксист инспекторду капотуна сүйрөп кетти. Видео

Окуя болжол менен бир саат мурда Горький көчөсүнүн Абдрахманов менен кесилишкен аймагында болгон. Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Бишкекте такси кызматынын айдоочусу милициянын Патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кетти.

ВИДЕО

Окуянын видеосун күбөлөр жөнөттү. Азырынча мындай көрүнүш эмнеден улам болгону белгисиз.

Күбөнүн айтымында, жерине милициянын кошумча наряды териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн келди.

Окуя болжол менен бир саат мурда Горький көчөсүнүн Абдрахманов менен кесилишкен аймагында болгон. Патрулдук милиция бул боюнча комментарий бере элек.

sputnik