5000 доллар талап кылган. Бишкекте райондук прокурордун орун басары кармалган видео

18 ноября 2021 5000 доллар талап кылган. Бишкекте райондук прокурордун орун басары кармалган видео

Райондук прокурордун орун басары укук коргоо кызматкерлерин опузалап коркутуп, алардан 5000 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

ВИДЕО

Ал укук коргоо кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 5000 доллар пара талап кылганы айтылууда.

"17-ноябрь күнү УКМК менен Башкы прокуратура тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э. кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан талап кылган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылды", — деп жазылат маалыматта.

Шектүү Жазык кодексинин 98-беренесине ("Конфискациялоодо (алып коюуда) келтирилген зыяндын ордун толтуруу") ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

sputnik