Россияда кайсы кесипти аркалаган жаштар эң көп маяна алары аныкталды

18 ноября 2021 Россияда кайсы кесипти аркалаган жаштар эң көп маяна алары аныкталды

Программалоо тилин билген жаштар айына 360 миң рублге чейин тапса, эң азы баристтер 80 миң рублдин тегерегинде киреше табат.

Россиядагы жаштар үчүн эң көп маяналуу вакансиялар тиркеме иштеп чыгуучу, логопед жана слесарь-монтажник экени аныкталды. Бул туурасында РИА Новостинин "Работа.ру" изилдөөчү сервисинде жазылган.

Материалга ылайык, жаштарга адатта көп тажрыйбаны талап кылбаган, ошондой эле жумуш берүүчүнүн эсебинен квалификациясын жогорулатууга жана окуусу менен айкалыштырууга шарт түзгөн вакансиялар сунушталат.

Иркутскидеги компанияда аралыктан иштеген С# иштеп чыгуучуларынын кирешеси 360 миң рублге жетет. Аны үчүн C# программалоо тилин жана Git системасын өздөштүрүп, Unity платформасын, шейдер программасын билип, DotWeen плагин менен иштей алышы шарт.

Подольск шаарындагы логопеддер айына 100 миң рубль табышы мүмкүн. Бул кесип ээлеринен жогорку атайын билими жана профессионалдык кайра даярдоо курсунан өтүшү талап кылынат. Башында бир ай стажировкадан өтөрү жазылган.

Ал эми Жуковский шаарында слесарь-монтажниктер 100 миң рублге чейин маяна алат. Жумуш берүүчүлөр андан жеке автоунаасын жана айдоочулук күбөлүгүн сурайт. Башында бир айлык сыноо мөөнөтү берилет.

Эркектердин чачын кырккан чач тарач Екатеринбургда 90 миң рубль киреше табат.

Пицца жасаган ашпозчуларга Новосибирскиде 85 миң рублге чейин төлөйт. Андан сырткары, таксиге кеткен жол киресин өзүнчө берет.

Барда турган сатуучулар Москвада 80 миң рубль алары белгиленген.

sputnik