Үндүн өзгөрүшү айыккыс оорудан кабар берет. Окумуштуулар үч белгини атады

18 ноября 2021 Үндүн өзгөрүшү айыккыс оорудан кабар берет. Окумуштуулар үч белгини атады

Паркинсон оорусу — жай өрчүгөн неврологиялык өнөкөт оору. Ал мээ клеткаларынын дофамин химиялык затын бөлүп чыгаруу процессинин бузулушунан келип чыгат.

Паркинсон оорусунун башталышын үндөгү өзгөрүүлөрдөн байкаса болот. Бул тууралуу Express басылмасы Паркинсон оорусу боюнча Америкадагы ассоциацияга шилтеме берүү менен жазды.

Адистердин айтымында, бул кесел менен жабыркагандардын үнү акырын чыгып же башында бийик болуп, андан соң басаңдап калат. Бейтап эмоционалдык абалын жана үндүн деңгээлин башкара албагандыктан кеби монотондуу болуп чыгат. Андан тышкары, кекечтенүү дагы оорунун башталышынан кабар берет.

Паркинсон оорусу — жай өрчүгөн неврологиялык өнөкөт оору. Ал мээ клеткаларынын дофамин химиялык затын бөлүп чыгаруу процессинин бузулушунан келип чыгат. Мындан адамдын кыймыл-аракетине жооп берген клеткалардын функциясы бузулат.

Булчуңдардын катуулугу, гипокинезия, титирөө жана постуралык туруксуздук баштапкы симптомдор болуп саналат.

Заманбап медицина бул дартты айыктыра албайт. Бирок учурдагы дарылоо бейтаптын абалын бир топ жакшыртып, дарттын жай өрчүшүнө өбөлгө болот.

Дүйнөдө Паркинсон оорусу менен жабыркагандардын саны 10 миллионго жетет. Улуу муундагылар бул дартка көп кабылат, бирок бейтаптардын 4 пайызы 50 жашка чейинкилер. Эркектер бул ооруга аялдарга караганда 1,5 эсе көбүрөөк дуушар болушат.

sputnik