Беш жашар кызды күчкө салып эрдинен өпкөн жаранга сот өкүмү чыкты. Видео

18 ноября 2021 Беш жашар кызды күчкө салып эрдинен өпкөн жаранга сот өкүмү чыкты.  Видео

Орусиянын Чебоксары шаарынын жашоочусу өзү тааныбаган кичине кызды күчкө салып эрдинен өпкөн. Ал сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн соттун өкүмү менен 12 жылга эркинен ажыратылды, деп РИА новости кабарлайт.

Буга чейин интернетке кишинин беш жашар кызды өөп жаткан видеосу тараган. Аны көп кабаттуу үйдүн жашоочулары видеого тартып алышкан. Кыз бөтөн адамды түртүп, кучагынан чыгып кетүүгө аракет кылган. Окуя 6-авгутта Чебоксары шаарында болгон. Мас абалындагы 44 жаштагы эркек үйүнө келе жатып, кире бериште орундукта олтурган 5 жашар кызга сексуалдык аракет көрсөткөн. Аны кошунасы көрүп, полиция чакырган.

ВИДЕО

Сот санкциясы менен ал дароо камакка алынган. Ага жашы жете элек балага сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн кылмыш иши козголду.

Айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алган жана жасаган аракети үчүн 12 жылга соттолду.