Күйөө баласын жактырып калган аял кызынын тоюна барбай койду

18 ноября 2021 Күйөө баласын жактырып калган аял кызынын тоюна барбай койду

Аял кызынын тоюна күйөө баласын жактырып калганы үчүн барбайт экенин билдирген. Бул тууралуу кыз WeddingBee форумуна жазган.

WeddingBee форумунун колдонуучусу окуясы менен анонимдүү түрдө бөлүшкөн. Апасы тойго барбагандыгынын себебин күйөө баласын жактырып калышы менен байланыштырган.

Кызынын сүйүктүүсүн жактырып калган аял жолу болуп калса, күйөө баласына турмушка чыгууга да даяр экенин айткан. Ошондуктан, тойго катышуудан баш тарткан.

Кыздын айтымында, үй-бүлөсү менен болочок жары саякатка чыгып жүргөн. Дем алыш күндөрү апасы менен бирге теннис да ойногон.

“Апам атама турмушка чыккандан бери өзүн бактысыз сезерин айтат. Атам бере албаган сезимди жигитимден алганын билдирди”, - дейт колукту.

Бул окуядан кийин кыз баарын атасына айткан.  Жигит бул кабарды уккандан кийин үйдөн кетүү чечимин кабыл алган.

“Атам апамдын психологго кайрылып дарыланмайынча, мейманканада турарын айтты. Болочок күйөөм менен ортобуз да сууй баштады. Ушул окуядан кийин өзүмдү абдан жаман сезип жүрөм”, - дейт кыз.

Колуктунун башына түшкөн абалга байланыштуу форум колдонуучулары кызды жактап, апасынын бул аракетин сынга алышкан.