Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды. Сүрөт, видео

17 ноября 2021 Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды. Сүрөт, видео

Тартип сактоо кызматкерлери талапкердин ишенимдүү кишисин жана анын автоунаасын тинткенде шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме, ири суммадагы акча тапканы айтылды.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

ВИДЕО

"Талапкердин ишенимдүү адамы болгон С.М.О. Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

Аны тартип коргоо органдарынын кызматкерлери 16-ноябрда кармаган.

"Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, соттун санкциясы менен акча бөлүштүрүп жатканда кармалып, добуштарды сатып алуу боюнча фактылар табылган. Ошол эле учурда С.М.О. жана анын автоунаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме менен ири суммадагы акча чыккан", — деп билдирди УКМКдан.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКдан жогорудагы фактыларды аныктоо, документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башкаларды аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, мындай учурда эки тарап тең жоопко тартыларын эскерткен.


sputnik