Кризистен чыгууда кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген көрүнүш менен күрөшүү боюнча ар кандай стратегияларды колдонууда.
COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан массалык экономикалык кризис Кыргызстанда жакыр жана жумушсуздардын санынын өсүшүн шарттады. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өлкөнүн Статистика боюнча улуттук комитети биргеликте жарыялаган изилдөөсүндө айтылат.
Анда белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы эң жакыр адамдардын, өзгөчө шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты. Талдоо пандемияга чейин жана андан кийин өлкө боюнча чогултулган маалыматтарга негизделет.
"Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон талапты азайтты. Муну менен кошо үй-бүлөлөрдө азык-түлүктү тандоодо да өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан", — деп айтылат отчётто.
Кризистен чыгууда кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген жагдай менен ар кандай күрөшүү жолдорун колдонууда. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жакырчылык уланса, бул көрүнүштү өзгөртүү кыйын болорун эскертти.
Көпчүлүк үй-бүлөлөр оокаттарын сатып, акчасына азык-түлүк алып, башка чыгашаларды кыскартышты. Гуманитардык жардам сурап кайрылып жатышат. Мындай абалдагы бүлөлөрдүн саны 12ден 36 пайызга чейин өстү.
Иликтөөнүн авторлору Кыргызстандын бийлигин жакырчылыкты кыскартуу программаларына көңүл бурууну сунуштаган.