Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды. Сүрөт

17 ноября 2021 Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды. Сүрөт

Жунушалиев Бишкек үчүн газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштеген коомдук транспортторду сатып алуу зарылчылыгы турганын белгилеген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жумушчу сапар менен Беларустун борбору Минск шаарында жүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жунушалиев Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев менен жолугуп, Минск автозаводуна барган. Ал учурда Бишкек мэриясы үчүн газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштеген коомдук транспортторду сатып алуу зарылчылыгы турганын белгилеген.

© ПРЕСС-СЛУЖБА МЭРИИ ГОРОДА БИШКЕК

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жумушчу сапар менен Беларустун борбору Минск шаарында жүрөт

Мэрге жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттон тышкары Минск автомобиль заводу чыгарган муниципалдык техникалар да көрсөтүлгөн.

"Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн башка маселелери, анын ичинде кызматташтыкты жандандыруу жана түрдүү деңгээлдеги диалогду өнүктүрүү талкууланды", — деп жазылган маалыматта.

Жунушалиев Минскидеги дагы бир нече машина куруу ишканаларына барууну пландаган. Эске салсак, Бишкек менен Минсктин ортосундагы боордоштук мамилелер боюнча меморандумга 2008-жылдын 11-октябрында кол коюлган.

sputnik