Египетте 4400 жыл мурунку сыры өчпөгөн күмбөз табылды. Сүрөт

17 декабря 2018 Египетте 4400 жыл мурунку сыры өчпөгөн күмбөз табылды. Сүрөт

Күмбөздүн узундугу 10 метр, туурасы жана бийиктиги үч метрди түзөт.

Египетте археологдор 4 400 жыл мурунку сыры өчпөгөн Ватайе аттуу аалымдын күмбөзүн табышты. Бул туурасында BBC жазды.

Аталган күмбөз пирамидалардын комплекси жайгашкан Каир шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Саккара кыштагынан табылган. Ал жерде түстүү иероглифтер жана фараондордун статуялары чыккан. Күмбөздүн дубалына каза болгон аалымдын апасы, жубайы жана башка туугандарынын сүрөтү тартылган.

Археологдор ал жерден кызыктуу табылгалар дагы да чыгышынан үмүт артып казуу иштерин улантууда. Аалым жаткан табып да табылып калары мүмкүн экени айтылат.

Күмбөздүн узундугу 10 метр, туурасы менен бийиктиги үч метрди түзөт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANY