Жуктургандардан сакайгандар көп. 17-ноябрдагы COVID статистикасы

17 ноября 2021 Жуктургандардан сакайгандар көп. 17-ноябрдагы COVID статистикасы

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча стационарда 521, ал эми амбулатордук шартта 734 адам дарыланып жатат.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 77 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек — 27;

Чүй облусу — 23;

Ош облусу — 7;

Талас облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 8;

Жалал-Абад облусу — 6;

Баткен облусу — 4.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 605ке жетти. Анын ичинен 177 108 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алып, аны кошкондо өлкөдө жалпы 2 712 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 521, ал эми амбулатордук шартта 734 адамдын дарыланып жатканы айтылды.

Өткөн суткада эмдөөдөн 12 814 киши өттү, анын ичинен 5 998и биринчи дозаны, 6 816 адам экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 050 051ге жетти (экинчи доза 830 720 адам).

sputnik