Бишкекте көмүрдүн тоннасын 3 миң сомго саткан дагы бир кампа ачылды. Дареги

17 ноября 2021 Бишкекте көмүрдүн тоннасын 3 миң сомго саткан дагы бир кампа ачылды. Дареги

Кара-Кеченин көмүрүн арзан сатуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Элдин суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча кампалар ачылары убадаланган.

Бишкекте арзан баада көмүр саткан дагы бир кошумча кампа ачылганын "Кыргыз көмүр" ишканасы кабарлады.

Буга чейин тоннасы 3 миң сомдон сатылып жаткан көмүр базасы Мурманский, 1Б/1 дарегинде ачылган.

Ал эми жаңы кампа Мурманский, 30Б дарегинде жайгашкан. Бул жакта да кара алтындын баасы үч миң сом болмокчу.

Кара-Кеченин көмүрүн арзан сатуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Ишкана элдин суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча көмүр кампалар ачыларын убадалаган. 

sputnik