Жыныстык катнаш менен күнүнө 2-3 жолу алектенген туурабы?

17 ноября 2021 Жыныстык катнаш менен күнүнө 2-3 жолу алектенген туурабы?

30дан ашкан эркектердин секске болгон куштарлыгы бир кыйла жогору болот.

Сексологдор ар бир адамдын ден-соолугуна жана жалпы абалына жараша жыныстык катнашка баруу ар кандай деп айтышат. Мисалы, төмөнкүдөй шарттар жаш, ары ден-соолугу чың адамдардын интимдик байланышта интенсивдүү болуусуна таасир этет:

  • Чың ден соолук;
  • Жогорку эмоционалдык тонус;
  • Өнөкөт оорулар менен оорубоо;
  • Сүйүктүүсүнө болгон кумарлануу;
  • Анын күнүмдүк маанайы;
  • Психологиялык жактан даяр болуу.

30дан ашкан эркектердин  секске болгон каалоосу  бир кыйла жогору болот. Бирок, аялдарда такыр андай эмес.  Кээ бир аялдарга жумасына бир жолу жетиштүү болушу мүмкүн. Көпчүлүк балалуу жана бактылуу жубайлар жумасына 3-4 жолу жыныстык катнашта болушат. Бул кадимки көрүнүш деп баалашат сексологдор. Эгер сиз жыныстык катнашка андан да көбүрөөк баргыңыз келсе, анда төшөк оюндары жумасына 10-15 жолудан ашпашы керек.

Кинси институтунун илимпоздорунун айтымында, 18-29 жаш аралыгындагы түгөйлөр орто эсеп менен жылына 118 жолу, 30-39 жашта болсо 89 жолу, 40-49 жаш аралыгындагылар 69 жолу жыныстык катнаш менен алектенишет.

Жыныстык катнаштын кандай пайдасы бар?

Маанай көтөрүлөт. Интимдик байланыш учурунда адамдын маанайын көтөрүүчү дофамин жана окситоцин гормондорунун деңгээли көтөрүлөт.

Иммунитетти көтөрөт. Секс  - иммундук системаны бекемдеген лейкоциттер менен эндорфин гормонун көбөйтөт.

Жүрөк ооруларын азайтат. Жыныстык катнаш - физикалык активдүүлүктүн бир түрү. Белгилүү болгондой, машыгуу учурунда жүрөк булчуңдары чыңдалат.

Төшөк оюндары ар кандай ооруларга “даба” десек болот. Эгер ченеми менен аткара турган болсоңуз, сөзсүз түрдө пайдасын көрөсүз. Жетишсиз болсо, терс таасирлери байкалат.