Эгер бала классташтары тарабынан куугунтукталса, ата-эне эмне кылышы керек? Психолог түшүндүрүп берет

17 ноября 2021 Эгер бала классташтары тарабынан куугунтукталса, ата-эне эмне кылышы керек? Психолог түшүндүрүп берет

Балдар психологу ата-энелерге бала мектепте классташтары тарабынан кысымга алынган учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.

Ата-энелер кээде баланын өз алдынча кыйынчылыктарды чечиши керек деп эсептешет. Психологдун айтымында, буллингге байланыштуу мындай кылууга болбойт.

“Буллинг (көпчүлүктүн кодулоосу, куугунтуктоосу) учурунда, бала адеп-ахлактык жана физикалык басынуу, коркуу сезимин сезип, өзүн-өзү жеңе албайт. Бул көбүнчө орто жана жогорку класстагы окуучулардын арасынан кездешет. Ата-энеге баланын мындай кырдаалга туш болгонун билдирген белгилери бар: баланын сүйлөшкүсү келбец, обочолонуп, мектепке баруудан баш тартып, окуусу начарлайт”, - дейт Екатерина Маденко.

Ошондой эле, болгон окуяга баланын өзүн күнөлөөнүн кереги жок.

“Жообун бер, өзүң күнөөлүсүң” дебеш керек. Тескерисинче, баланы колдоп, “сага ишенем”, “мага айтканың жакшы болду”, деп айтыш керек. Кээ бир учурларда өзүн кандай, кантип кармоо керектигин түшүндүрүңүз. Окуя тууралуу маалыматты мугалим, директор, класс жетекчисинен сурап алыңыз. Баланын абалын көзөмөлдөңүз”, - дейт психолог.