Ошто жол кырсыгынан 7 киши набыт болуп, тогуз адам жабыркады. Сүрөт

16 ноября 2021 Ошто жол кырсыгынан 7 киши набыт болуп, тогуз адам жабыркады. Сүрөт

ӨКМ каза болгон жети кишинин үчөө эркек, төртөө аял экенин билдирди. Ал эми каргашадан жабыркагандардын үчөө – балдар.

Оштун Кара-Суу районунда үч автоунаа кагышып, алдын ала маалымат боюнча, жети киши көз жумганын ӨКМ билдирди.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС КР

Оштун Кара-Суу районунда үч унаа кагышып, алдын ала маалымат боюнча жети киши көз жумганын ӨКМ билдирди

Каргаша Бишкек — Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталып, анда КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia сүзүшкөн.

Каза болгон жети кишинин үчөө эркек, төртөө аял экени айтылды.

"Ошондой эле алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, ал эми үч бала балдар ооруканасына жеткирилген. Аты-жөндөрү такталууда", — деп жазылган маалыматта.

Учурда жеринде абалды ӨКМ башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов баштаган куткаруучулар көзөмөлдөп жатат.

sputnik