Жапаров адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керектигин айткан.
Президент Садыр Жапаров азыркы бийлик коррупция боюнча маалымат түшсө мурдагыдай болуп факт бергиле деп сурап отурбай дароо чара көрөрүн айтты. Мамлекет башчы адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керек.
"Биз мурункудай факт бер деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир күн да создуктурбайбыз", — деди Жапаров.
Ал өлкөдөгү 30 жылдан берки иштерге аудит жүргүзүү керек деген сунуш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын кошумчалаган.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бажы тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө комментарий берип жатып "факты бергиле" деген. Кийин өзү анын себебин түшүндүргөн.