Бишкектин кайсы жеринде көмүр 3 миң сомдон сатылып жатканы айтылды. Дарек

16 ноября 2021 Бишкектин кайсы жеринде көмүр 3 миң сомдон сатылып жатканы айтылды. Дарек

Арзан сатылган көмүр Бишкекке Кара-Кечеден алып келинүүдө. Президент Жапаровдун айтымында, муну мамлекет демилгелеп, өз колуна алган.

Бишкекте бир тонна көмүрдү 3 миң сомдон Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде сатып жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

"Азырынча бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат. Кийинчерээк бул чектөөнү жоюу пландалып жатат",— деди Зоотбекова.

Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүн убадалаган.

sputnik