Мушкер Азиз Сатыбалдиев АКШдагы Titan FC лигасында беттешке чыгат

16 ноября 2021 Мушкер Азиз Сатыбалдиев АКШдагы Titan FC лигасында беттешке чыгат

Атлеттер лиганын 17-декабрда АКШнын Майами штатында өтүүчү Titan FC 73 мелдешинде жеңил салмак дивизионунда кармашат.

Кыргызстандын ММА мушкерлеринин бири Азиз Сатыбалдиев кезектеги беттешин АКШдагы Titan FC лигасында өткөрөт. Ал тажикстандык Мухаммад Наимов менен кез келерин аталган уюм билдирип, мушкерлердин постерин Instagram баракчасына чыгарды. 

Атлеттер 17-декабрда АКШнын Майами штатында өтүүчү Titan FC 73 мелдешинде жеңил салмакта кармашат.

Спортчунун менеджери Асан Султановдун айтымында, эгер кыргыз мушкери бул кармашта жеңсе, анда ал UFC уюмуна кабыл алынат.

Кыргызстандык мушкер ушул жылдын 3-сентябрында Москва шаарында өткөн EMIR FC Global – 007 мелдешинин башкы беттешинде россиялык Асланбек Каровду утуп, чемпиондук курду алган.

Сатыбалдиев жалпысынан ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 16сын уткан.

sputnik