Жыйында коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, жемкорлукка каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери жана башкалар талкууланат.
Бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, байкоочу мүчөлөр — өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.
"Жыйында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштөгү ролу жана башкалар талкууланат", — деп жазылган маалыматта.
Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат. Түз эфир 10:00дө башталат.
Эске салсак, Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү болуп саналат.