Күнүгө колдонобуз. Жүрөк оорусун пайда кылган азык аталды

16 ноября 2021 Күнүгө колдонобуз. Жүрөк оорусун пайда кылган азык аталды

АКШнын окумуштуулары туз менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын байланышын аныктоо үчүн 10 миң кишинин заарасынын анализин карап чыккан.

Американын кардиологиялык бирикмесинин окумуштуулары тузду көп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кептей турганын аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медиктер 10 миң кишинин заарасынын анализин карап чыгышкан. Ыктыярчылардын орточо жаш курагы 50 болгон жана аял менен эркектер теңме-тең катышкан.

Чогултулган маалыматтар жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 571 кишинин дарты натрийди (туздун курамында арбын болот) көп колдонуп, калийди аз пайдаланышы менен түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөткөн.

"Мындайча айтканда, тузду ашыкча колдонуу жүрөк оорусуна кабылуу тобокелдигин 18 пайызга жогорулаткан", — деген Коомдук саламаттык сактоо боюнча Гарвард мектебинин илимий кызматкери Юань Ма.

Адистер туздун организмге зыяндуулугун алдын алуу үчүн анын суткалык нормасын кайрадан аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүнү пландап жатышканы айтылат.

sputnik