Кыргызстанда диний-экстремисттик, террористтик багыттагы 63 сайт аныкталды

16 ноября 2021 Кыргызстанда диний-экстремисттик, террористтик багыттагы 63 сайт аныкталды

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы социалдык тармактарга мониторинг жүргүзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанда диний-экстремисттик жана террористтик багытты көздөгөн 63 сайт аныкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлгөн. Натыйжада диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталган.

Анын ичинен соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлган.

sputnik