Чычкан капчыгайында өрттөнгөн бензовоз. Көз жумган кишинин ким экени айтылды

15 ноября 2021 Чычкан капчыгайында өрттөнгөн бензовоз. Көз жумган кишинин ким экени айтылды

Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, ташка урунуп жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп кеткен.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаада көз жумган айдоочу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн 63 жаштагы жашоочусу болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эске салсак, кечээ, 14-ноябрда, Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында бензовоз өрттөнгөндүгү айтылып, ичинен бир кишинин сөөгү табылган.

Маалым болгондой, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, ташка урунуп жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп кеткен.

sputnik