Кыргызстанда 15 жаштан ашкан өспүрүмдөр коронавируска каршы эмделе баштайт

15 ноября 2021 Кыргызстанда 15 жаштан ашкан өспүрүмдөр коронавируска каршы эмделе баштайт

Министр Республикалык штаб бул маселени декабрь айында чече турганын айтып, өспүрүмдөр өз эрки менен эмделерин белгилеген.

Кыргызстанда 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр коронавируска каршы вакцина ала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штаб бул маселени декабрь айында чечет. Өспүрүмдөр өз эрки менен эмделет.

"Чет өлкөгө чыгуу үчүн өз эрки менен вакцина алууну каалаган өспүрүмдөрдү эмдей баштадык", — деди Бейшеналиев.

Буга чейин министр Кыргызстанда кайрадан эмдөө жүрөрүн маалымдаган.

sputnik