Эркин Салымбеков абактан чыкты. УКМК бюджетке канча акча которгонун айтты

15 ноября 2021 Эркин Салымбеков абактан чыкты. УКМК бюджетке канча акча которгонун айтты

УКМК кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешеси бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантып жатат.

Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу коррупция фактысы боюнча 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою атайылап тоскоолдуктарды жаратып, өз ара сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган. Буга байланыштуу айыл, суу чарба жана регионду өнүктүрүү министринин Ильич Марсбек уулу аттуу азыркы жана Амангелди Исаев аттуу мурдагы орун басары, башка дагы кызматкерлер кармалган.

"Министрдин орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жеке менчик ишканалардын биринин ээси Эркин Салымбеков менен биргеликте кармалып, сот жообуна тартылышты. Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган. Натыйжада кылмышка шектүү Эркин Салымбеков келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом которду. Келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет", — деп айтылат маалыматта.

Муну эске алуу менен Биринчи май райондук соту ишкана жетекчисинен эч жакка кетпөө тил катын алуу менен тергөө абагынан чыгарган.

УКМК кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешеси бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантып жатканын белгиледи.

sputnik