Дүйнөдөгү эң кымбат тамактын баасы 100 миң доллардан ашат

17 декабря 2018 Дүйнөдөгү эң кымбат тамактын баасы 100 миң доллардан ашат

Альбинос белугалардын икрасы 8-10 жылдан кийин гана алууга даяр болот.

Дүйнөдөгү эң кымбат тамак деп Strottage Bianco аттуу икра табылды. Аталган икра альбинос Сибирь белугаларынан алынат. Аны "ак алтын" деп да атап коюшат. Бул тууралуу Great Big Story порталы жазды.

Альбинос Сибирь белугасынын икрасы алынгандан кийин анын үстүнө 22 караттык алтын себилет. Ошентип анын бир килограммы 113 миң долларды чапчыйт.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Евгений Одиноков