Биткоин чыры. АКШ соту криптовалютаны ким ойлоп тапканын аныктоого киришти

15 ноября 2021 Биткоин чыры. АКШ соту криптовалютаны ким ойлоп тапканын аныктоого киришти

Биткоинди ойлоп тапкан киши криптовалюта дүйнөсүндө өтө кадыр-барктуу фигура. Азыр аны Сатоси Накамото деген ат менен таанышат.

Флорида штатында (АКШ) өтүп жаткан сот процесси биткоинди ойлоп таап, иштеп чыккан Сатоси Накамото каймана аты менен таанымал адамдын чыныгы ысымын ачыкка чыгарганы турат. Бул тууралуу The Wall Street Journal кабарлады.

Криптовалюталарды ойлоп тапкан деп божомолдонуп келген австралиялык программист Крейг Райт менен анын мурдагы өнөктөшү маркум Дейв Клеймандын үй-бүлөсүнүн ортосунда бир нече жылдан бери талаш-тартыш болуп келет.

Райт Сатоси Накамото деген менмин деп келсе, Клеймандын үй-бүлөсү криптовалюталарды экөөлөп иштеп чыккан деп, ушул убакка чейин чогулган миллион биткоиндин тең жарымын (баасы 64 миллиард доллар) талап кылууда.

ЖМКлардын жазганына караганда, Сатоси Накамото ким экенин бир гана жол менен аныктоого болот. Ал кишиде буга чейин чогулуп калган 1 миллион биткоинге жетүү үчүн ачкыч болушу керек. Ошол биткоиндердин жок дегенде бир бөлүгүн чыгарып кете алган адам аларды ойлоп табууга тиешеси бар деп таанылмакчы.

10-ноябрь күнү токендин баасы 69 миң долларга жетип, рекордду жаңылады.

sputnik