Алтынай аттуу келин да, анын күйөөсү да убагында үлгүлүү мугалимдердин бири болгон. Азыр болсо экөө тең аракка көз каранды адамдар. Келин кайрадан мурунку жашоосуна, мектепке кайрылып баргысы келет. Анын мындай абалга түшүшүнө күйөөсүн күнөөлөйт. Ал өзүнүн кантип ичимдикке көз каранды болуп калганын байкабай калган.
“Мектепте жакшы окудум. Студент кезимде да активдүү болуп, баарынан алдыда жүрчүмүн. Институтту кызыл диплом менен аяктап, ошол жылы эле мектепке жумушка орношуп жетиштим. Күйөөмдү ошол мектептен жолуктурдум.
Ал да билимдүү, экөөбүздүн көз карашыбыз дал келип, көп узабай үйлөндүк. Бирок, жети жыл боюма бүтпөй койду. Ичимден өзүмдү күнөөлөп, элдин сөзү да оор тийди. Ошентсе да, күйөөм оор сыноодо сынган жок. Ал тескерисинче, мени жубатып, сөзүм менен болду.
Ал эми жумушунан кол жууганды көтөрө алган жок. 10 жыл эмгеги сиңген жумуштан “куулганда” өзүн таштап салды. Такыр ичпеген күйөөм күн сайын ичүүнү адатка айландырды. Жумушун ушунчалык жакшы көрчү.
Мен аны кайра дени сак жашоого кайтаруу үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ал тургай кудай тилегимди аткарып, балалуу болдук. Бирок, жолдошума бала да кызык болгон жок. Эки жарым жылдык декреттик өргүүдө аракеч күйөөм менен алышып чарчадым. Бир жагынан балам ыйласа, бир жагынан жолдошум тынбай сүйлөп, укпасам уруш чыгарат. Акырында арак ага аз тийсин деп, кошулуп ичүүнү чечтим. Мен ушинтип анын ичкен арагын азайтам деп ойлогом.
Башында мен өзүмө абдан ишенчүмүн. Анткени, мен оңой менен мас болбой, эрким күчтүү болчу. Бирок, мени арак жеңип алды. Мен да күйөөмө окшоп ичкиликке берилип кеттим.
Алты жылдан ашык убакыттан бери жолдошумду туура жолго салууга аракет кылып жатам. Мунун баары бекер. Андан да, мен дагы өзүмдү оңдоону чечтим. Анткени, адамдын каалоосу жок болсо, кумарын жеңүү кыйын экен. Ал эми менде ниет бар. Ушул жылдын сентябрь айында менде ушундай каалоо пайда болду.
Быйыл баламды мектепке ээрчитип бардым. Биринчи коңгуроонун үнү, мугалимдер уктап жаткан рухумду ойготкондой болду.
Мугалимдердин айлыгынын көбөйгөнүн угуп кызыктым. Үйгө келип, күзгүгө каранып: “Алтынай, кимге айландың? Сен мыкты мугалим эмес белең!” деп, аябай ыйладым. Өткөн жашоомду эстеп, дагы ыйлап алдым.
Жок, менин оюм өзгөрдү, мен кайра мугалим болом. Ал үчүн ичкиликтен арылуум керек. Үч ай болду, азайттым. Бирок күйөөмдүн сөздөрү чарчатканда күйүп урттап коём. Кантип биротоло баш тарта алам? Кандай жолу бар? .. Мен оңолгум келет...”