Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды

17 декабря 2018 Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды

Маркум 71 жашта болчу.

 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, обончу Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды. Маалыматты өзү иштеген Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы кесиптеши Өмүрзак Кайыпов тастыктады.

Анын айтымында, Үкүев ашказанынан операция болуп, көптөн бери ооруп жүргөн. 71 жаштагы талант 16-декабрда түштөн кийин көз жумду.

"Сөөгү кичи мекени Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылына 18-декабрь күнү коюлат", — деди Кайыпов.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Үкүев 1947-жылы 20-июнда жарык дүйнөгө келген. 1967-жылдан бери Улуттук филармонияда иштеп, ушу тапта Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун ырчысы болчу. 50дөн ашык ырдын автору, алардын басымдуу бөлүгү кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып калган.



Дагы: sputnik.kg, фото -© Sputnik / Табылды Кадырбеков