Бишкекте 19 жаштагы кызды коюп качып кеткен айдоочу аял кармалды

12 ноября 2021 Бишкекте 19 жаштагы кызды коюп качып кеткен айдоочу аял кармалды

Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө адамды коюп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.

Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаасы менен сүзүп качып кеткен 41 жаштагы аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Окуя 7-ноябрь күнү саат 07:30дар чамасында болгон.

"Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктан 2002-жылы туулган Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген", — деп жазылган маалыматта.

Факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, натыйжада Mazda Demio автоунаасынын айдоочусун, 1980-жылы туулган Ш.Ж. аттуу аялды кармаган. Ал Бишкек ШИИББдин Жол кырсыктарын тергөө кызматына жеткирилген.

sputnik