Партия лидерлери качан жана ким менен теледебатка чыгары аныкталды

12 ноября 2021 Партия лидерлери качан жана ким менен теледебатка чыгары аныкталды

Дебатка күн сайын төрттөн партия чакырылат. Биринчи болуп "Аруузат", "Ишеним, "Ынтымак", "Альянс" партиялары кездешет.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партия лидерлеринин КТРКдагы теледебаты 22-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК дебатка чыга турган партиялар арасында чүчү кулак өткөрүп, ким менен ким чыгары аныкталган. Күн сайын төрттөн партия чакырылат.

22-ноябрь — "Аруузат", "Ишеним, "Ынтымак", "Альянс" партиялары;

23-ноябрь — "Жашасын Кыргызстан", "Жашылдар партиясы", "Ата Журт Кыргызстан", "Азаттык" партиялары;

24-ноябрь — "Күчтүү регион", "Ордо", "Ата Мекен", "Ыйман нуру" партиялары;

25-ноябрь — "Улуттар биримдиги", "Улуу журт", "Кыргызстан биримдиги", "Эл үмүтү";

26-ноябрь — "Мекенчил эл", "Багыт", "Бүтүн Кыргызстан", "Легалайз", "Социал демократтар".

Дебаттар кечки саат 22:20да башталып, эки саатка созулат. Ал эми 26-ноябрда беш партия катышкандыктан 2 саат 25 мүнөт берилет.

sputnik