Ал аялын кечире албай жүрүптүр.
Жалкоо аял бейгам болот экенине көзүм жетти, - деп терең үшкүрүндү Болот аттуу жаран. Үч кыздын артынан көптөн күткөн уулдуу болгон элек. Аялым уулумду байкоосуздан өлтүрүп алганына ичим ачышат. Уулумдан ажыраткан аялымды ошол окуядан кийин көргүм келбей калды. Аргам түгөнгөндө ажырашып кетейин дейм, бирок үч кызымды кыйбайм.
Динара менен 14 жыл мурун үйлөндүк. Сулуу, мучөсү да келишкен эле, алгач таанышканда анын карагаттай көздөрүн эмес, төшүн көрүп эсимден тангам.
Бир нече жылдан кийин аялымдын мени кызыктырган чоң көкүрөгүн жерип кетеримди, жашоодон түңүлүп кетеримди ким билиптир?!
“Колу кыйшыкпы эмне, кармаган буюмдардын баарын сындырат” деп апам урушуп калганын далай уктум. Бирок, аялымды жактап, алар менен урушчумун.
Азыр апам тирүү эмес. Апамсыз өткөн эки жылда эмнеге келинин өмүр бою жактырбаганын, эмнеге күндө кейип жүргөнүн эми түшүндүм. Мен азыр апамдын абалындамын.
Уулубузду өлтүрүп койгондон кийин аялыма болгон сезимим бир күндө эле жоголду. Сулуу кебетеси да, мүчөсү да азыр мага желмогуздай көрүнөт...
Ошол күнү уктоочу бөлмөгө бир киргенимде аялым баламды эмизип жаткан эле. Таңга маал кофе даярдап ичип алдым. Жумушка эрте барууга шашып, кийимимди алмаштырууга уктоочу бөлмөгө кирдим. Аялым оозу ачылып уктап жатат, эмчеги баланын оозунда. Жумушка кетерде баламдын мойнунан бир искеп алуу адатым бар эле.
Адаттагыдай жүзүн буруп, жыттаганга аракет кылдым. Келинчегимдин чоң эмчеги баламдын бетин түгөл жаап турат. Кыймылдатсам денеси муздап калыптыр. Денемден муздак тер чыкты. Бирок, мен дагы деле ишене албай, баланы колума алдым. Өлүк.
Аялымдын уйкусу катуу. Түртсөм да ойгонгон жок, айгайламак түгүл ыйлайын десем үнүм чыкпайт. Аялымдын бетине бир чаап ойготконум менен, “Балабызды өлтүрүп койдуң” деп айтайын десем, сүйлөй албайм...
Аялым мага кошулуп ыйлап жатты. Ал эмизип жатып уктап калганын айтып актанды. Аялым эмчеги менен баланы тумчуктуруп өлтүрүп койду. Төрт-беш айлык болсо, бала мүмкүн козголуп башын бура алар беле, ким билет?! Эки айлык бала кыймылдай да албайт да.
Мурда апам эртең менен уйкудан тура калып бөлмөбүзгө кирип келип небересин көрүп кетчү. Үч кызымды да түн ортосунда бөлмөбүздөн алып кетчү. Келинчегим “Бөлмөбүзгө каалаган учурда кирүүдөн уялбайт” деп жини келсе, мен да апамдын бул кылыгын түшүнө алчу эмесмин. Эми гана апамды түшүнүп жатам. Ал келининин кандай экенин жакшы билгендиктен, неберелеринин амандыгын ойлоп, бөлмөбүзгө кире берчү экен.
Ошол кезде апамды күнөөлөчү элем. Ошентсем, күнөөнүн баары аялымда экен. Азыр аялымды көргүм келбейт, үнү нервиме тийип жүрөт.
Баарына убакыт дары дейт, бирок баламды өлтүрүп койгон аялымды эч качан кечире албайт окшойм...”